歌词
Ырдаса булбул ашыгын,
Ыргалат гүлдөр акырын.
Сен болдуң жанга жакыным, ай,
Сездирип дүйнө асылын,
Асылым менин, асылым.
Күн кармап алган түшүмдөй,
Күтүлбөй келчи күтүлбөй.
Биз үчүн дүйнө жаралып,
Биз менен дүйнө бүтүндөй.
Күтүлбөй келчи, күтүлбөй...
Ойлобой өмүр жалганын,
От болуп жанып алгамын.
Өчүрбөй ошол сезимди, ай,
Өзүңө келет арнагым,
Ардагым менин, ардагым.
Күн кармап алган түшүмдөй,
Күтүлбөй келчи күтүлбөй.
Биз үчүн дүйнө жаралып,
Биз менен дүйнө бүтүндөй.
Күтүлбөй келчи, күтүлбөй...
·· м у з ы к а ··
Ай-жылдыз болуп сырдашым,
Ашыктык ырын тыңдасын.
Түнөгүң болбой жалгыздык, ай,
Жүрөгүм сен деп ырдасын,
Кымбатым менин, кымбатым.
Күн кармап алган түшүмдөй,
Күтүлбөй келчи күтүлбөй.
Биз үчүн дүйнө жаралып,
Биз менен дүйнө бүтүндөй.
Күтүлбөй келчи, күтүлбөй...
Күн кармап алган түшүмдөй,
Күтүлбөй келчи күтүлбөй.
Биз үчүн дүйнө жаралып,
Биз менен дүйнө бүтүндөй.
Күтүлбөй келчи, күтүлбөй...
Күтүлбөй келчи, күтүлбөй...
专辑信息
1.Асман
2.Булуттар
3.Ак көгүчкөн
4.Ысык-Көлдү сагынуу
5.Арзуу
6.Жаңы жыл
7.Бишкек
8.Жаз майрамы
9.Курбу кыздар
10.Бала бакыт
11.Биз дүйнө
12.Кадырлуу калкым
13.Жар жар
14.Күн достор
15.Эмне чындык
16.Эне жөнүндө баллада
17.Ыр махабат
18.Чак түштөгү чагылган
19.Үлгү ырлар
20.Мекендеш
21.Жамгыр төктү
22.Тууган жер
23.Сүйүү күчү
24.Бак тилек
25.Жүрөгүн керек
26.Ак көгүчкөн
27.Мендеги ыйык махабат
28.Өмүр кемеси
29.Жазым келчи
30.Элегия
31.Кыргыз Эл
32.Тууган жерди сагынуу
33.Керемет дүйнө
34.Кызгалдак