歌词
Сансыз күндөр закымдап өттү сызып,
Сага деген сезимдер алып учуп.
Махабаттан буюрган энчибиздей,
Сагынычта жүрөбүз сагынышып.
Мен эч кимди мынчалык сагынбагам,
Мен эч кимге жалбарып жагынбагам.
Күтүп жатып күл болуп сапырылып,
Жолукканда от болдук жалындаган.
Сагынычым таркабай улам ашып,
Түшүмдөн да чочуймун уктап жатып.
Өзүңдөн аян алып жатканымды,
Негедир эстей берем санаа басып.
Мен эч кимди мынчалык сагынбагам,
Мен эч кимге жалбарып жагынбагам.
Күтүп жатып күл болуп сапырылып,
Жолукканда от болдук жалындаган.
Жүрөк дегдеп, умтулуп, жаным ысып,
Сагындырып, сагынып, сагынышып,
Бул жарыкта кайгыны унутуп салып,
Махабатка жашайбыз табынышып.
Мен эч кимди мынчалык сагынбагам,
Мен эч кимге жалбарып жагынбагам.
Күтүп жатып күл болуп сапырылып,
Жолукканда от болдук жалындаган.
Мен эч кимди мынчалык сагынбагам,
Мен эч кимге жалбарып жагынбагам.
Күтүп жатып күл болуп сапырылып,
Жолукканда от болдук жалындаган,
Жолукканда от болдук жалындаган.
专辑信息
1.Сагыныч
2.Аруу тилегим
3.Жашасын сүйүү
4.Түбөлүк сүйүү
5.Махабатым
6.Попурри
7.Үйлөнүү той
8.Жаным
9.Я навсегда твоя
10.Өмүр багы
11.Жар-Жар
12.Эрке кызым
13.Балалыгым
14.Махабат колу
15.Алгачкы сүйүү
16.Энекебай (Remix)
17.Ардагым
18.Элим
19.Ай баратат
20.Тилеп келем
21.Кыз бурак
22.Жүрөгүмдөн
23.Жашасын сүйүү (Remix)
24.Достугубуз өчпөсүн
25.Сени ойлосом
26.Жаңы жыл
27.Осень