Мени унут

歌词
Сөздөрүм ырларымда угуп кой,
Жетинип айта албаган
Келечек күнгө болбо сен тоскоол,
Өткөнгө кайтып бара албайм.
Алгачкы махабатты берген деп
Өзүңдү эч жашыра албайм.
Ашыктар болгонбуз биз ээрчишкен,
Ал күндөр эми кайтпаган.
Мени унут, сен менсиз жаша, өкүнбө,
Мени унут, сүйөм деп эстеп, өксүбө.
Мени унут, ыйлаба, көз жашың төкпө,
Мени унут, убакыт дары күндөргө.
Сезимдер сага деген муздады,
Көңүлүм жүрөт тартпай.
Мендеги жашаган сүйүү бүттү,
Эми кайра ал жаралбайт
Жүрөктө жылуулук калды өчүп,
Сагынбай калдым сагынбай.
Себебин билесиң ичтен туюп
Ал күндөр кетти, кайрылбай.
Мени унут, сен менсиз жаша, өкүнбө,
Мени унут, сүйөм деп эстеп, өксүбө.
Мени унут, ыйлаба, көз жашың төкпө,
Мени унут, убакыт дары күндөргө.
Мени унут
Мени унут
Мени унут, сен менсиз жаша, өкүнбө,
Мени унут, сүйөм деп эстеп, өксүбө.
Мени унут, ыйлаба, көз жашың төкпө,
Мени унут, убакыт дары күндөргө.
专辑信息
1.Мени унут
2.Унутпа
3.Жүрөгүм
4.Жеңеке
5.Эне тилде сүйлөйлү
6.Мектебимди сагындым
7.Өзүңсүң бактым
8.Кыргыз кыздары
9.Ырдалып бүтпөйт махабат
10.Тамашалуу ыр
11.Жалал-Абад
12.Кызытайым
13.Ак куу
14.Жүрөк ээси
15.Жаз гүлү