歌词
Жамгыр тынбай нөшөрлөгөн жаздын айы эле
Жанга жаккан музыка койгом жаңы эле
Жалыны жок мокогон мен - айдоочумун
Жүрөгүмө чок салган, кандай жан эле?
Узун чачы бар, эле көздөрү кара эле
Унчукпадым жанында иниси бар эле
Айдан түшкөн кыз эле,айдын кызы эле
Айлар өтүп кетсе да, издейм дагы эле
Мен айдоочу жөнөкөй, маек курбаган
Алтын күлкү селкилер, көңүл бурбаган
Жалган беле, чын беле узап кетерде
Көрүшөбүз го деген сенин убадаң?
Салкын убадаң?
Узун чачы бар, эле көздөрү кара эле
Унчукпадым жанында энеси бар эле
Айдан түшкөн кыз эле,айдын кызы эле
Айлар өтүп кетсе да, издейм дагы эле
专辑信息
1.Мен Айдоочу