歌词
Торуңа
Түшүрдүң мени соңунда
Түгөйүм болуп жолумда
Түбөлүк бассаң сонун да
Каралдым
Карегиң камап кармалдым
Кыялга бүтүп канатым
Кайрадан күлдөн жаралдым
Жүрөгүм самап
Жолуңду табат
Жалындуу махабат
Жагымдуу жар салат
Сүйүү багында
Күлгөнүң жагат
Күдөрүм жанат
Жаратып салтанат
Жан дүйнөм сабалайт
Сүйүү жазында
Керемет
Көздөрүң арбап жетелеп
Көңүлгө сүйүү себелеп
Көкөлөп учуп дем берет
Деңиздей
Сезимдер чалкып деңиздей
Ак куудай жүрсөк эгиздей
Сен болсоң аалам тегиздей
专辑信息
1.Каралдым