歌词
Жылдыз болдуң жымыңдаган асманымда
Жан дүйнөмө шоолаң чачырап
Жабыркаган күндө жалгыз калганымда
Жарык төгүп келди сезимге жазда ырдап
Таптым сени, ажайып дүйнөдөн
Сенин дүйнөң гүлзардай гүлдөгөн
Кош канаттай бийиктикте тең серпилип
Учалы тан алдында күн менен
Асманда учкан ак куулардай бир бололу
Арзыганым, махабатым сен
Ажырабай айдың көлгө бир конолу
Сүйүү бизге кемибес бакыт берсең
Таптым сени ажайып дүйнөдөн
Сенин дүйнөң гүлзардай гүлдөгөн
Кош канаттай бийиктикте бир серпилип
Учалы тан алдында күн менен
专辑信息
1.Таптым Сени (From "Таң Алдында")