Кечир Бизди Аялзат

歌词
Аялзат- бул сенин энең, кызың, эжең, карындашың,
Анда неге алар сыздап ар күн сайын төгөт жашын?
Ага себеп эркектер төш каккылап чектен ашып,
Иштетпеген өз акылы менен ийиндеги башын.
Өзүңдү өйдө коюп аялзатын басынтасың,
Аялзаты сени адам кылгандыгын унуткансың!
Зордук, зомбулуктун баарын үй ичинде жарышасың,
Кудай сени сени урганда айтчы кайда жашынасың?
Жок! Жок!
Эркек деген сен эмессиң!
Эркек деген сөккөн эмес аялзатын жакшы көрүп өпкөн адам.
Жок! Жок!
Эркек деген сен эмессиң!
Эркек деген көпкөн эмес аялзатка жылуу сөзүн төккөн адам.
Ээ-эй эркек деген коргоочуу!
Назиктерге аяр болуп,
такыр зөкүр болбочу!
Ээ-эй эркек деген коргоочуу!
Тезиңен эсиңе келип айкыйкатты жолдочу!
Маани берип көйгөйлөргө коомдогу,
Эркектер ойгонолу, ойлонолу!
Ар дайым аялзаттын ак үмүтүн актап,
Үй бүлөөнүн ынтымагын ыйык сактап.
Маани берип көйгөйлөргө коомдогу,
Эркектер ойгонолу, ойлонолу!
Ар дайым аялзаттын ак үмүтүн актап,
Үй бүлөөнүн ынтымагын ыйык сактап.
Аялзат, кечир бизди... Аялзат... (Кайрылабыз!)
Аялзат, кечир бизди... Аялзат...
(Суранабыз)
Аялзат, кечир бизди... Аялзат...
(Кайрылабыз!)
Аялзат, кечир бизди... Аялзат...
(Суранабыз!)
专辑信息
1.Кечир Бизди Аялзат