歌词
"Сары Ой"
Сөзү:Элдики
Обону:Элдики
Сары Ойдун гана салкын тоосунан
Сагызган анан учат зоосунан
Санаама гана алып издесем
Кантейин табалбай койдум ордунан
Көк Ойдун гана көркөм тоосунан
Көгүчкөн анан учат зоосунан
Көңүлгө гана алып издесем
Кантейин көралбай койдум ордунан
Кантейин көралбай койдум ордунан
Салкындуу гана жергең Сары Ойго
Сагызган анан учуп конбойбу
Зарлантып гана мени койгончо
Кантейин санаалаш болсоң болбойбу
Кантейин санаалаш болсоң болбойбу
Болбойбу…
专辑信息
1.Сары Ой