Кереги Эмне

歌词
Бир күнү жөн эле ой келди мага,
Буга чейин айтылбаган.
Укпай эле кой жазганымдын маңызы болсо жалган.
Бекер убакытты алсам, эгер түшүнбөй калсаң.
Жооок, андай болушу деле мүмкүн эмес угармандарда.
Жакпаса котор аласаң жок болсо бул жерде.
Ооба, мен күнөөлүү болоюн мээңе жетпесе!
Ооба, мен күнөөлүү болоюн эгерде теппесе!
Өзүңдү кыйнаба чоңойтуп алып эки эсе!
Өмүр бою ушул рэп менен акча табып келет деген оюң болсо, кой антип ойлобогуң.
Акча тапкан деле эмесмин кыйналбай эсептесем,
Кээ бир кезде болду, кээ бир кездерде болбоду!
Бирок антип жанымды багайын деген оюм жок.
Ала тоонун чокусуна барайын деген эле боюнча.
Кыймылдап жүрөмүн жазамын,
тамашалап күлөмүн жазамын,
Эн башкы суроо жүрөгүм тазабы ыя?
Кээбирлерге караганда таптаза болбосо дагы,
Көзүм бар кезде тазалаганга убакыт бар.
Ушунча идеал болуп калп айтпаган жолдосуңарбы?!
Жаманы жок болгонсуп сын тагып жүргөн адамдар!
Кандай болбосоң дагы,
Өзүң болсоң баары,
Баары болот оз ирээтинде!
Көңүлүңө жакканды
күндө кылып жатканда,
Айтчы башка иштин кереги эмне?!
Эмгек сиңирген артист болбосом да(ай ай),
Жетет мени чын жүрөктөн колдосоңор(ай ай).
Кургап кетпегиле суу акпай калган сайдай,
Жашаш керек кедей көрүнсөң дагы байдай!
Сөздү алыстатпай ачыгын айт катпай.
Сынасың калпты көтөрө албаган бутактай!
Болгону болгондой суйлөп бекем алып жур өзүңдү сатпай, кымбаттатпай сактай!
Менин жашоом, менин өмүрүм(де)
Бүт баарынан ашам деп эле журөм.
Биринчи же акыркы боломун деген сөзүмөн,
Биринчи биринчи биринчи боломун деп өтүнөм!
Өртөнөм, өрттөнгөнүмдү көрө электер көптөгөн.
Жөн эле сап тизгенимди же болбосо төкмөдөн
Обонум элди топтоп эч качан үркүтпөгөн,
Өйдө бийик учуп жүргөн кезимде бүркүттөрдөн!
Кандай болбосоң дагы,
Өзүң болсоң баары,
Баары болот оз ирээтинде!
Көңүлүңө жакканды
күндө кылып жатканда,
Айтчы башка иштин кереги эмне?!
专辑信息
1.Чык Убагында
2.Кка
3.Баратам
4.Азырынча
5.Trz
6.Кереги Эмне
7.Маек
8.Селкинчек
9.Бж