歌词
Кыялдар болсун тушалган,
Кол сунбай койсун бүт адам.
Жаркырап күндүн нурундай,
Жашаймын эми күч алам.
Дем берет аткан жаңы таң,
Доорумду күлүп карытам.
Кубулжуп чыккан обондой
Кылымдарга күүдөй жаңырам.
Ду-ру-дуй
Мезгил учуп барат,
Көздөр күйүп жанат
Ар бир күндүн жыргалын сен тат.
Кыял кагып канат,
Бийиктерди самап,
Өмүрүңдүн жыргалын сен тат.
Ыр менен бакыт сунайын,
Ырыстуу жолум улайын.
Зыяным тийбей эч кимге,
Заманга пайда кылайын.
Жүрөктөн түнөк табайын,
Ойлогон оюм жасайын.
Эл ичиндеги өчпөгөн,
Бар эмгегим менен жашайын.
专辑信息
1.Кыялдан
2.Жеңилбегин
3.Жүрөк Ээси
4.Мектебим
5.Бирге Болгум Келет
6.Апакем
7.Кыялдан (Remix)
8.Обон
9.Садагам
10.Сен Менин