歌词
Бийик болуп Ала-Тоодон бактыңар,
Балдай таттуу сүйүү таптыңар.
Көңүл кушу бири-бирин жактырып,
Кош ак куудай канат кактыңар.
Тагдыр буйруп, ушул күнү баш кошуп,
Той өткөрүп турган чактыңар.
Келиңиздер деп сыйга чакырып,
Конокторго эшик ачтыңар.
Жар болгула ата-энени сыйлаган,
Жалпы журттан урмат жыйнаган.
Жашооңорго ынтымакты каалайбыз,
Жан болгула сүйүп, кыйбаган.
·· М у з ы к а ··
Жүрөгүңөр махабат деп кагылсын,
Жүзүңөрдөн бакыт чагылсын.
Куда болуп эки тарап достошуп,
Кубанычтар толкуп агылсын.
Куттуктайлы эки жашты чын дилден,
Коломтоңор өчпөй жагылсын.
Ак сакалдардын батасы тийип,
Алдей үнү үйдө жаңырсын.
Жар болгула ата-энени сыйлаган,
Жалпы журттан урмат жыйнаган.
Жашооңорго ынтымакты каалайбыз,
Жан болгула сүйүп, кыйбаган.
·· М у з ы к а ··
Жар болгула ата-энени сыйлаган,
Жалпы журттан урмат жыйнаган.
Жашооңорго ынтымакты каалайбыз,
Жан болгула сүйүп, кыйбаган.
Жар болгула ата-энени сыйлаган,
Жалпы журттан урмат жыйнаган.
Жашооңорго ынтымакты каалайбыз,
Жан болгула сүйүп, кыйбаган.
专辑信息
1.Ысык-Көлүм
2.Алдаба (Remix)
3.Көпөлөгүм (Копологум)
4.Маякчы карындаш
5.Жакшы көрөм түбөлүк
6.Аясаңчы
7.Унуталбайм (Remix)
8.Менин да сүйүүм ушундай
9.Мен эми кайрылбайм
10.Карындаш
11.Сауле
12.Бүгүн сенин туулган күнүң
13.Ашык сезим
14.Мейли (Remix)
15.Достор
16.Эркелетсемби
17.Айяым
18.Алдайсың
19.Эки жаш
20.Эрке кыз
21.Тунук махабат
22.Бакыт издедик
23.Атаман
24.Студенттик күн